Чек арадагы окуяда октон каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга өткөрүлүп берилди
- 06.04.2022, 10:23,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өзбек- Кыргыз чек арасында октон каза болгон кыргыз жарандарынын сөөгү "Маданият –авто жол” өткөрүү жайы аркылуу Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Каза болгондор Кыргызстандын жарандары— Аксы районун Дейрес айылынын тургундары 1983- жылы туулган О. Б. Т жана 1991-жылы туулган О. С. Т экени аныкталды. Алар Өзбекстанда туулуп-өскөнү, 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алганы, өзбек паспортун да сактап жүрүшкөнү буга чейин кабарланган.