У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстан Жерге-Талдагы кыргыздарды депортация кыла баштады


 Тажикстан Жерге-Тал районунундагы кыргыздарды депортация кыла баштады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар 24.kg маалымат агенттигине билдирди. 
 
Алардын айтымында, акыркы бир жумада Тажикстан паспорттук көзөмөлдү күчөттү. Алар Кыргызстандын жарандыгын алган кыргыздарды депортация кыла баштаган. 
 
«Кыргызстандын жарандыгын алгандар аныкталып, дароо облус борборуна жеткирилет. Алар кыргыз паспортторунан баш тартууну жана Тажикстандын жарандыгын алуусун талап кылышууда. Ал эми макул болбогондор Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Карамык өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга депортацияланат. Алар кыргыз жарандарына буюмдарын чогултууга да мүмкүнчүлүк бербей жатышат», - дейт жергиликтүү тургун.
 
Анын айтымында, Жерге-Тал районунда 30 миң этникалык кыргыз жашайт. Кыргызстандын жарандыгын негизинен жаштар алат.
 
“Буга чейин алар Кыргызстандын жарандыгын алып, миграциялык күбөлүк беришип, эркин жашап, иштеп жүрүшкөн. Анткени бул жерде көпчүлүгүнүн ата-энелери жана туугандары бар. Бирок кырдаал өзгөрдү. Жакында эле кыргыз тилдүү мектептер кыскартылууда, алардын бардыгы тажик тилинде окутууга өтүп жатышат», - деп кошумчалады жергиликтүү тургун.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter