У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуяда ок атылып, эки кыргыз жараны каза болду


Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы куралдуу чыр-чатакта эки адам көз жумду. Окуя 5-апрелде кечинде болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Дейрес айылында Кыргызстандын бир нече жараны атчан Өзбекстандын аймагына жүк алып өтүүгө аракет кылган. Алардын Өзбекстандын аймагына 500 метр киргени аныкталган. Чек ара сызыганан өтүп кеткен кыргыз жарандарын Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек арачылары токтотууга аракет кылган. Бирок алар Өзбек чек арачыларынын токтотуу талабына баш ийбей, аларды кармоо учурунда чыр чыккан.
 
"Өзбек чек арачылары өз өмүрүн жана саламаттыгын сактап калуу үчүн курал колдонуп, ок чыгарган. Натыйжада эки кыргыз жараны каза болгон. Калгандары Кыргызстандын аймагына качып кетүүгө үлгүрүшкөн", - деп айтылат маалыматта.
 
Өзбекстан Республикасынын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргызстандыктар баасы 20 миң доллардан ашык жүктү аткезчилик менен алып өтүүгө аракет кылышкан.
 
 Маалым болгондой, каза болгон жарандар Өзбекстан Республикасынын жарандары, бирок 2012-жылы Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан. 
 
Окуя болгон жерде эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Тараптар окуя боюнча өз алдынча иликтөө жүргүзүүнү макулдашкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter