У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эмомали Рахмон жарандарды азык-түлүк камдап, өлкөнүн эгемендүүлүгүн коргоого даяр болушу керектигин билдирди

 

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дүйнөдө кырдаал "чыӊалган абалда, кризис, оор жана кооптуу" экенин, республиканын жарандары эки жылга жете турган азык-түлүк камдап, өлкөнүн эгемендүүлүгүн коргоого даяр болушу керектигин билдирди. Бул тууралуу ал Орозо айынын башталышына карата майрамдык кайрылуусунда айтты.
 
«Жаздын ар бир күнүн пайдаланып, эгүү кампаниясын өз убагында бүтүрүп, мол түшүмдүн пайдубалын түптөп, ар бир үй-бүлө эки жылдык азык-түлүк камдоосу керектигин дайыма эстен чыгарбашыбыз керек. Эл мунун пайдалуу экенине акыркы жылдары, өзгөчө жугуштуу оору – коронавирустун жайылышынын акыркы эки жылында ынанды», - деди Тажикстандын президенти.
 
Анын айтымында, азыр «айрым өлкөлөрдүн көз карандысыздыгы жана эркиндиги жана алардын мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшү маселеси» турат, андыктан жарандар бирдиктүү болушу керек.
 
“Биз жашообуздун баа жеткис белеги – мамлекеттик эгемендүүлүктү жана анын жетишкендиктери – тынчтыкты, бейпилдикти, саясий туруктуулукту жана улуттук биримдикти коргоого ар дайым даяр болушубуз керек”, - деди Эмомали Рахмон.

Булак:mediavektor.org


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter