У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров кыргыз элин Орозо айы менен куттуктады


Бүгүн, 13-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров кыргыз элин Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Куттуктоону президенттик аппарат жарыялады.

"Ассалому алейкум, урматтуу мекендештер!
Сиздерди мусулмандардын көптөн күткөн берекелүү Орозо айы менен чын дилимден куттуктайм.
Орозо (Рамазан) — ислам дүйнөсүндөгү ыйык айлардын бири. Бул айда мусулмандардын ыйык китеби Куран түшүрүлгөн. Орозо айында ар бир мусулманга орозо кармоо парз болуп саналат. Орозо кармоо мусулмандын ыйманын бекемдеп, аны тартипке жана Алла-Тааланын өкүмдөрүн так аткарууга үйрөтөт.
Орозо — ден соолукту чыңдай турган гана эмес, адамдын руханий дүйнөсүн тазарта турган мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана күнөөлөрдөн сактануунун айы, сабырдуулуктун мектеби. Себеби бир гана тамак менен суудан эмес, жаман ойлордон, ашыкча сөздөн жана суук көздөн, ушак айтуудан, жалаа жапкандан, жалган сүйлөөдөн кармануу үчүн да орозо кармоо зарыл.
Орозо айы туугандар жана жакын адамдар менен мамилени бекемдөөнүн чоң мүмкүнчүлүгүн ыроолойт. Андыктан бул күндөрү муктаждарга кайрымдуулук иштерин жасоо менен башкалардын ырыскысына себеп болуу абзел. Ошондой эле бул ай ичинде Жаратканга жалынып, аруу ой-максаттар, тилектер жана ибадаттар кабыл боло турган убакыттар катылган.
Орозо айында Жараткан ар бир үй-бүлөгө бакыт, береке, кубаныч жана ынтымак тартууласын. Ал эми Ыйык мекенибизге тынчтыкты, туруктуулукту, токчулукту жана өнүгүүнү алып келсин.
Орозоңуздар кабыл болсун!", - деп жазылат өлкө башчынын куттуктоосунда.
Бүгүн, 13-апрелде өлкөдө Орозо айы башталды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter