У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акылбек Жапаров: Казинолорду кайра ачуу бюджетти толтуруу максатында сунушталып жатат


 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда казино, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирди. Ал 29-мартта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып казинолорду кайра ачуу мамлекеттик казынаны толтуруу максатында сунушталып жатканын айтты.
 
"Казинолорду кайра ачуу бюджетти толтуруу максатында сунушталып жатат. 2001-жылы кумарканалардан 630 миллион сом түшкөн, бул жолу мындан эки-үч эсе каражат көп түшөт деп жатабыз. Кумарканаларда кыргызстандыктар ойнобойт. Эгерде бир кыргызстандык кирип ойной турган болсо ошол кумаркананын лицензиясы алынат. Малайзияда дагы казино бар. Ал ислам өлкөсү болуп эсептелет”, -деди Жапаров.
 
Эске салсак, Экономика жана коммерция министрлиги кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter