У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казино ачуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду


Экономика жана коммерция министрлиги казино, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. 
 
Маалыматка ылайык, казинолорду юридикалык, анын ичинен чет өлкөлүк тараптар ача алат. Кыргызстандын жарандары казинолорго кире албайт. Ошондой эле 21 жашка чыга элек чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө да тыюу салынат.
 
Казинолорду ачуунун максаты инвестиция тартуу, бюджетке кошумча киреше кошуу экени аталган мыйзам долбоорунда жазылат. 
 
Министрлик мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү жана аны кезексиз кароону сунуштайт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter