У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент Жапаров Бишкекте жана аймактардын борбор шаарларында кумарканаларды ачууну сунуштайт


 Президент Садыр Жапаров 26-апрелде “Пирамида” телеканалына түз эфирде маек курду. Маек учурунда ал Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алган Ысык-Көлдө кумарканаларды ачуу боюнча мыйзамды колдой турганын, ага кошумча иретинде өлкөнүн аймактарынын борбор шаарларында жана Бишкекте кумарканаларды ачууга уруксат берүү сунушун киргизерин айтты.
 
“Мен президенттик аппаратка Жогорку Кеңешке сунуш киргизүүнү айттым, өлкөнүн бардык жагында ачылсын, Бишкекте, облус борборлорундагы шаарларда ачылсын деп жатам. Казинолор 2015-жылга чейин иштеп келген. Кыргызстандын ар бир жараны кирип ойной алчу. Жаш балдар барып күнү-түнү ойногон учурлар болгон. Айрым депутаттар ошону шылтоо кылып, казинолордун ээлерин коркутуп-үркүтүп келген. “Бизге отметка кылгыла, баланча миллион доллар алып келгиле” дешкен, бирок кумаркана ээлери мамлекетке салык төлөп жатканын айтышып, макул болбогондо бир сап мыйзам менен иштөөсүн тыйып салышкан. Мен азыр Кыргызстандын жарандары казинонун эшигин аттабайт деп мыйзамга киргизгиле деп жатам. Бул чет өлкөлүктөр үчүн эле ачылат”, - деди Жапаров.
 
Булак: Азаттык. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter