У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК: “Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкери пара менен кармалды

 
 Манас” аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. 
 
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарында Кытай эл Республикасынын КЭР жаранынан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 3000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып, 100 000 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен чек ара кызматынын кызматкери, ага лейтенант К.К.К. кармалган.  
 
Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter