У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таласта тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды


УКМКнын жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан Талас ОИИБдин Тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Д. пара алып жаткан жеринен кармалды.
 
УКМКнын маалыматы боюнча, камакка алуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинде (Опузалап пара талап кылуу) каралган кылмыштын негизинде КЖБРине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн. 
 
Тергөөчү С.Б аттуу жарандан опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган. Сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 300 миң сом сураган. Ал 50 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.
 
Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
 
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter