У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК Чек ара кызматындагы үч жетекчини кармады


 УКМК Чек ара кызматындагы айрым жетекчилердин коррупциялык иштери аныкталганын билдирди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 20 -октябрда кабарлады.
 
Маалыматка ылайык, "Достук- ууна жолу" көзөмөл-өткөрмө пунктунун кызматкерлери Чек ара кызматынын айрым жетекчилеринин калкалоосу менен чек арадан өткөн Өзбекстандын жарандарынан жана оор унаалардын айдоочуларынан опузалап акча талап кылынган.
 
Бул факты КЖБРине Жазык кодексинин 325-беренесинин (Пара алуу) 3-пунктунун 2-бөлүгү менен катталып, сотко чейин өндүрүш башталган. 
 
Ошондой эле, 19-октябрда «Достук-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жетекчиси А.Э., Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Ч.Н., ошондой эле Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчиси — Чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары К.Б. кармалган. Кармлгандар УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
 
Учурда тергөө иштери уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter