У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


БШК бир мандаттуу 32 округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитти


БШК бир мандаттуу 32 округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитти. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
 
Төрт шайлоо округу боюнча - Бактыбек Чойбеков жеңип чыккан №21 Талас шайлоо округу боюнча жыйынтык чыга элек. Бактыбек Чойбековдун үстүнөн шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча тогузга жакын арыз түшкөнү такталган. БШК материалдарды Ички иштер министрлигине жөнөтүп, текшерүүнүн бүтүшүн күтүп жатат. Эгерде талапкердин добуш сатып алууга тиешеси бар экени аныкталса, анын каттоосу жокко чыгарылып, кайра шайлоо дайындалат.
 
Чүй-Кемин районунун №31 району боюнча да жыйынтык жок, ал жерде Медетбек Саккараев жеңишке жеткен. Бирок шайлоого чейин эле Facebook социалдык тармагында Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын миграциялык кызмат башкармалыгына таандык делген документ жарыяланып, талапкер Медетбек Саккараев Казакстандын жараны экени жазылган жана ал андан баш тарткан эмес. БШКнын жыйынында талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү Медетбек Саккараев Казакстан Республикасынын жарандыгын тапшырганын айтып, коңшу мамлекеттин элчилигинен тиешелүү документтерди талап кылууну айткан.
 
Ушундай эле жагдай Ысык-Ата районунун №30 шайлоо округунан көпчүлүк добушка ээ болгон Акбөкөн Таштанбековго да тиешелүү. Ал улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча кылмыш иши боюнча шектелүүдө. Сот аны күнөөлүү деп тапса, депутат болбойт.
 
Ал эми №29 Свердлов округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы чыга элек. Аталган округда шайлоочулар  “баарына каршы” добуш берип, бир да талапкер жеӊишке жеткен эмес, бул округда кайра шайлоо болот.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter