У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Свердлов районунда кайра шайлоо өтөбү? БШКнын жообу…

   
Бир мандаттуу Свердлов районунда кайра шайлоо өтпөйт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов 24.kg агенттигине билдирди. 
 
«Муртазалиев биздин чечимге каршы сотко кайрыла турган болду. Сот кандай чечим чыгарса, ошону менен иштейбиз. Эгер сот бизди колдосо, анда биз кырдаалды карайбыз. Муртазалиевге берилген добуштардын саны же ал утуп чыккан УШКнын саны үчтөн бирден ашса, кайра добуш берүүнү дайындайбыз, эгер андай болбоо Шайлообек Атазов мандатты алат. Ал добуштардын саны боюнча экинчи орунда турат”, - дейт Абдыжапар Бекматов.
 
Эске салсак, бир күн мурун Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо округунан көпчүлүк добушка ээ болгон Абдурахманхаджи Муртазалиевди каттоону жокко чыгарган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter