У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мэрия 25 млн евро насыя алып, автобустарды сатып алууну көздөөдө…


Бүгүн парламенттин жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо маселесин карап жатышат.
 
Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун айтымында, келишимдерде 33 миллион евро бөлүү каралган. Бөлүнгөн 33 млн евронун 25 насыя, 8 млн грант катары берилет. Ал акчага борбор калаага автобустарды сатып алууга жумшалат. Кытайдан 253 унаа сатып алуу пландалууда.
 
 
«Муниципалитеттин автопаркынын балансында 476 автобус болсо, анын 85и гана иштейт. Калган унаалар узак мөөнөттүү оңдоодон өтүп, эсептен чыгарылат. Өзбекстандан алынып келинген унаалар жеке компанияларга тиешелүү», - деди Максатбек Сазыкулов.
 
Вице-мэр Бишкекке жалпысынан 1500дөй автобус керек экенин белгиледи. Анын айтымында, электро  автобустарды алуу пландалууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter