«Өзбекстандан жеке ишкерлер 210 автобус алып келдик, биз жөн эле линия бердик», - деп билдирди борбор калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында.
«Биз маршруттук линиялар менен иштеп жатабыз, бул автобустарда да ушундай эле схема. Алар бизге эч нерсе төлөбөй, айдоочуларга айлык төлөп, патент алып жатышат. Бизде келишим бар», - деди ал.
Депутат Исхак Масалиевдин автобустардын саны кыскардыбы деген суроосуна, вице-мэр линияда 210 автобустун 110у гана иштейт деп жооп берди.
«100 автобус бар. Алардын айтымында, бул алар үчүн пайдасыз жана тарифти 15 сомго чейин көтөрүүнү суранышууда. Биз мындай тарифти коё албайбыз, анткени автобустар үчүн жол кире 11 сом. Бирок маршруттук таксилердин саны азайбай, тескерисинче көбөйдү. Бул тарифтин көтөрүлүшүнө байланыштуу, анткени кирешелүүлүк жогорулады. 2021-жылдын сентябрь айында борбордо 735 кичи автобус калган болсо, бүгүнкү күндө 1300-1500 кичи автобус каттамда турат», - деп кошумчалады ал.
Депутат Масалиев бул компания менен мэриянын келишими бар экенин белгиледи.
«Эгер алар келишимди аткарбаса, чара көрүүгө укугуңуз барбы? Келишим түзүшөт, макул болосуңар, анан линияга чыкпайбыз дешет, анткени тариф сага туура келбейт. Бул туура эмес. Же силерде андай келишим жокпу? Эгерде алар келишимди аткарбаса, анда аны бузуу керек, анткени тариф баарына бирдей», - деди ал.
Бишкекте 2021-жылдын 22-июнунда өзбек тарап менен келишим боюнча алынып келинген Өзбекстанда чыгарылган 50 жаңы Isuzu автобустары линиядан чыгып кеткен.