У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Окуучулардын сабак учурунда телефон колдонуусуна тыюу салуу сунушталууда


 Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамовдун мектепте сабак учурунда уюлдук телефон колдонууга тыюу салуу демилгесин талкууланды.
 
Депутат окуучулар акыркы убакта баарлашууну жана бири-бири менен дос болууну токтотуп, сабак учурунда видеого тартып, мугалимдерди ыӊгайсыз абалга калтырып жатканын белгиледи. 
 
«Телефон окуучуларга зыянын тийгизет. Андыктан сабак учурунда уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салууну суранабыз. Мектеп окуучулары сабак учурунда видео тартып же мугалимдерди атайылап провокация кылып, мугалимдерди коомго жаман көрсөтүп жатышат. Мектептерде тартип болуш керек. Ар бир класска телефондор үчүн атайын кутуча орнотууну сунуштайм», - деди Тазабек Икрамов.
 
Комитеттин жетекчиси Динара Ашимова бул сунушту колдоду. Анын айтымында, уюлдук телефон колдонуу окуу процессине тоскоол болууда.
 
Жыйынтыгында комитет Тазабек Икрамовдун долбоорун жактырып, регламентке өзгөртүү киргизүү боюнча министрлер кабинетине тапшырма жөнөттү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter