У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тазабек Икрамовдун сунушу өтпөй калды


Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карады. Жыйында депутат Тазабек Икрамов коррупция менен соттолгондордун балдарын жана анын жакын туугандарынын шайлоого катышуу укугунан ажыратуу керек деген жобону бул мыйзамга киргизүү тууралуу сунушун айтты.  
 
Бирок кээ бир депутаттар бул сунушту туура эмес деп, колдоого алган жок. Алар ар ким өзү үчүн жооп бериши керектигин, бул мыйзам долбоору адилетсиз болорун билдиришти. Жыйынтыгында комитет Тазабек Икрамовдун сунушун четке какты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter