Россиянын аскер кызматкерлери Тажикстанда машыгууларды өткөрөт
- 11.03.2022, 11:44,
- Саясат / Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Россиянын 201-аскер базасынын аскер кызматкерлери Тажикстандагы мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу боюнча пландуу машыгууларды өткөрүшөт.
Аскердик машыгуулар 14-марттан 18-мартка чейин өткөрүлөөрүн Россиянын Коргоо министрлигинин Борбордук аскер округунун басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, Россиянын 201-аскердик базасынын миңден ашуун жоокери Харб-Майдон полигонунда үч этаптагы тактикалык машыгууларды өткөрөт.
«Негизги этапта аскер кызматкерлери мыйзамсыз куралдуу топторго бөгөт коюу жана жок кылуу операциясын иштеп чыгышат», - деп белгилейт Коргоо министрлиги.