Кыргызстан Индиянын аскер спецназы менен эки жума тажрыйба алмашат
- 17.04.2021, 10:32,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өлкөдө Кыргызстан менен Индиянын атайын багыттагы аскерлери "Канжар –VIII" аталышындагы машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Индиянын жоокерлери учурда Кыргызстанга келишкен. Машыгуу эки жумага созулат.
Эки мамлекеттин аскерлери тоолуу шарттарда машыгып, мыйзамсыз түзүлгөн куралдуу топторду жок кылуу операциясын иштеп чыгышат."Ошондой эле биргелешкен машыгууда тактикалык, тоо, аскердик-медициналык жана ок атуу даярдыктары боюнча сабактар өткөрүлөт. Андан сырткары, чабуул учурунда имараттын ичиндеги аракеттердин тактикасы жана экстремалдуу шарттагы чаралар тууралуу практикалык сабактар жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.