У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутат Россиядагы мигранттарды Кыргызстандагы курулуштарга чакырууну сунуштады


  Депутат Нурлан Шакиев Россиядагы мигранттарды Кыргызстандын курулуш тармагына иштөөгө чакырууну сунуштоодо. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
 
Эл өкүлүнүн айтымында, өлкөнүн курулуш уюмдары жумушчу күчүнүн жетишсиздигине көптөн бери нааразы болуп келишет.
 
«Биздин курулуштарда коңшу мамлекеттин жарандары иштеп жатат. Азыр Россия Федерациясында көптөгөн адамдар жумушсуз калышты, жөн гана аларды өз мекенинде курулуш тармагына иштөөгө чакыруу мүмкүнчүлүгү бар. Мамлекеттик органдар тегерек столдорду уюштуруп, курулуш компаниялары менен биргеликте мигранттарды ишке орноштурууну жана кайтып келүүсүн камсыз кылышы керек. Министрлер кабинети бизди сындап эле жатат деп нааразы болуп жатат, бул  аларга сунуш бар», - деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter