У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Лира Батырбекова: Кыргызстандагы курорттук комплекстерди өнүктүрүүгө мезгил келип жетти


2021-жылдын 20-августунда «Кыргыз Республикасында санаториялык-курорттук комплекстерди өнүктүрүүнүн келечеги" аталышындагы тегерек стол болуп өттү. 
 
Тегерек стол Кыргыз-Орус экономикалык форумунун алкагында Кыргызстандын Курорттук ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн жана «Активное долголетие Кыргызстанцев» коомдук бирикмесинин жардамы менен Россия Федерациясынын Улуттук курорттук ассоциациясынын катышуусунда өттү.  
 
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Кожоев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министринин биринчи орун басары А.Солтонбекова, Кыргызстан курорттор ассоциациясынын президенти, «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясынын директору Л. Батырбекова, санаториялык-курорттук мекемелердин жетекчилери жана ЕАЭБ ассоциациялары, илимий, билим берүү жана медициналык уюмдардын жетекчилери, ар кандай адистиктеги дарыгерлер, анын ичинде физиотерапевттер жана реабилитациялык терапевттер катышты.
 
Тегерек столдун максаты: евразиялык курорттук шакекченин алкагында Кыргызстандын пансионаттарын туруктуу өнүктүрүү, инвестициялык жакшы шарттарды түзүү, ошондой эле ЕАЭБде интеграциялык кызматташуу жана жаңы медициналык технологияларды ишке киргизүү медициналык реабилитация жана санаториялык дарылоо болуп саналат. 

 Кыргызстан курорттор ассоциациясынын президенти, «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясынын директору Лира Батырбекова тегерек стол туурасында кыскача ой бөлүштү.
Лира Батырбекова, «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясынын жетекчиси:Кыргызстан курорттор ассоциациясы бүгүнкү күндө атайы тегерек стол уюштурдук. Биздин бүгүнкү иш -чарабызга Казакстан, Россиядан атайын эксперттер келишти. Бул иш- чаранын негизи максаты Кыргызстандын курорттор системасына жаӊылык кылып, Евразия өлкөлөрүнүн интеграциялык долбоорлору боюча иш-жүргүзгөнгө тегерек стол өткөрүп жатабыз. Бүгүнкү иш- чарага Кыргызстан профсоюздар федерациясына кирген көптөгөн курорттор жана Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлар катышып жатышат. 

Биз 2021-жылы 15- июнда Москвада болуп өткөн "Здравница - 2021" көргөзмөсүндө «Евразиялык курорттук шакек» аттуу жаӊы долбоорго Кыргызстандын атынан киргенбиз. Учурдан пайдаланып бизди аталган долбоорго чакырган «Евразия өнүгүү» проектисинин жетекчиси Мундт Александр Викторовичке ыраазычылык билдирип кетем. Себеби бул жаӊы интеграциялык проект. Кыргызстандын курортторуна жакшы өсүштөрдү алып келет жана онлайн вебинарларга катышканга техникалык, инвестициялык жагынан чоӊ жардамдар болот деген ишеним бар. 

  Баарыбызга белгилүү болгондой бизде союз учурунан бери бир катар курортторубуз иштеп келе жатат. Бирок азырга чейин куротторду өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр болбой, кыйынчылыктар болууда. Ал кыйынчылыктарды өзүбүз жеӊишибиз өтө оор. Россия, Казакстан өлкөлөрү менен бирдикте чогу иш-чараларга катышып, тажрыйба алмашып, курорттордо иштеген кадрлардын иш тажрыйбасын жогорулатып, ден соолукту чыӊдоочу жайларды өнүктүрүшүбүз керек. Себеби ден соолукка кам көрүүгө, санаториялык-курорттук комплекстерди өнүктүрүүгө мезгил келип жетти. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter