У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россия менен Украинанын тышкы иштер министрлери Түркияда жолугушат


Россия менен Украинанын тышкы иштер министрлери Түркияда жолугушат. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышты.
 
«Биздин кызыкчылыгыбыз ок атышууну токтотуу, Украинаны бошотуу жана гуманитардык маселелерди чечүү», - деди Украинанын министри Дмитрий Кулеба. 
 
Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге Россия менен Украинанын тышкы иштер министрлеринин алдыдагы жолугушуусу Москва менен Киевдин сүйлөшүү процесси үчүн абдан маанилүү экенин билдирген.
 
«Бул сүйлөшүү процессинин уландысы, абдан маанилүү. Алдыга озуп кетпей, жолугушууну күтөлү», - деди ал.
 
Белгилей кетсек, буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу бейшемби күнү, 10-мартта Анталияда Түркия, Украина жана Россиянын тышкы иштер министрлеринин үч тараптуу жолугушуусу болорун билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter