У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россиянын делегациясы Белорусияда Украинанын делегациясын күтүүдө…


Россия делегациясы украиндер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Белорусияга келди жана жолугушууну Гомелде баштоого даяр. Бул тууралуу РИА Новости РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен билдирди.
 
Белгиленгендей, россиялык делегациянын курамында Тышкы иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин жана Россия Федерациясынын башка ведомстволорунун, анын ичинде президенттик администрациянын өкүлдөрү бар.
 
"Россия Гомелдеги сүйлөшүүлөргө даяр, азыр Москва украиндерди күтүп жатат" деди Дмитрий Песков.
 
Өз кезегинде Белорусиянын Тышкы иштер министрлиги Минск Россия Федерациясы менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөр үчүн зарыл болгон нерселердин баарын даярдап, протоколдук маселелердин чечилишин камсыздаганын билдирди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter