Журналист жана активист Семетей Талас уулунун үй\н тинтүүгө алып, өзүн күч түзүмүнүн кызматкерлери кармап кетти. Бул тууралуу 18-февралда жубайы билдирди.
Анын айтканына караганда орган кызматкерлери үйүнө келип, үйүн тинтип, Семетей Талас уулун кармап кетишкен. Жолдошун кармап кеткенде ал жумушта болгон. Үйдө журналисттин апасы жана балдары болгон.
«Алар ким экенин жана кайдан келгенин экенин билбейм. Алар күбөлүгүн көрсөтүп, үйдү тинтип, өзүн алып кетишти», - деди жубайы.