У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Активист Бакай Кашкарбаевге кылмыш иши козголду

 
Активист Бакай Кашкарбаевге кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 15-январда билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 15-ноябрынан 17-ноябрына чейин Бакай Кашкарбаев деген ат менен «Facebook» колдонуучусу сотторду жана прокурорлорду коркуткан. Ачык булактардан алынган маалыматка караганда, бул колдонуучу Бакай Кашкарбаев аттуу активист болуп чыкты. 
 
 
Көзөмөлдөө органынан билдиришкендей, ал мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата агрессивдүү сын-пикирлерин билдирип келген. 2020-жылы 15-ноябрда Кашкарбаев жана башка адамдар Чолпон-Ата шаарына барышып, Ысык-Көл облусунун прокуратурасынын бөлүм башчысын коркутушкан
 
«Активист элди көтөрүлүшкө үндөп, «Башын кесиш керек!», «Жанчыш керек!», «Тишиӊерди талкалайбыз!» «Көзүӊөрдү чукуш керек!», -деген чакырыктарды тараткан. Ушул чакырыктардын жана коркутуулардын бардыгын Кашкарбаев видеого тартып алган»-, деп айтылат маалыматта. 
 
Эртеси күнү активист Ысык-Көл райондук сотунда тартипти бузуу менен райондук соттун төрагасынын иш бөлмөсүнө басып кирген, сот органдары менен кайым айтышып, судья Т.Жумаев менен жолугушууну талап кылып жатканы ачык-айкын көрсөтүлгөн видео жарыялаган.
 
«17-ноябрда Каракол шаарында Кашкарбаев бир топ адам менен Каракол шаардык сотунда тартипти бузган. Активист өз сөзүндө Ысык-Көл облустук сотунун судьясы А.Апышевге жана облустук прокуратуранын бөлүм башчысы А.Нышановго карата ачык коркутууларды билдирген», - деп кошумчалады басма сөз кызматы.
 
Кашкарбаевге каршы 2020-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 355 беренеси «Мамлекеттик кызматкерге карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү» менен кылмыш иши козголгон. 
 
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

[video=]
Кечээ,15-январда Бакай Кашкарбаев Башкы прокуратуранын алдында митинг уюштурган. Ал Курманкул Зулушев менен жолугшууну талап кылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter