Акылбек Жапаров жакынкы үч жылда экономиканы бутуна тургузам деп убада кылды
- 15.02.2022, 12:03,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акылбек Жапаров отставкага кетүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы билдирди.
Анын айтымында, ал министрлер кабинетинин башчысы катары саат 7.00дөн 22.00гө чейин иштейт.
«Эл эмгегимди баалайт деп ойлойм. Экономикада сыйкырдуу таякча жок. Менин саясий лидерлерим менден төрт-беш жаш кичүү балдар. Алар көптөгөн коррупциялык схемаларды жок кыла алышты. Мен аларга айтам, эгер силер ушул жол менен жүрсөңөр, анда жакынкы үч жылдын ичинде мен экономиканы бутуна тургузам”, - деп бөлүштү чиновник.