У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кундузбек Сулайманов: Айып пулдарды көбөйтүш керек, ага эч ким каршы чыкмак эмес- видео


Айып пулдврды көбөйтүп, бюджетти толтурасаӊар болмок, айып пулдардын көтөрүлүшүнө эч ким каршы чыкмак эмес. Бул тууралуу депутат Кундузбек Сулайманов Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди. 
 
Анын айтканына караганда, айып пулдардын төмөндүгү жол эрежелеринин көп бузууга жана жол кырсыктарынын көп катталып жатканына себеп болууда. 
 
«Бизде жол кырсыгынан согуш учурундагыдан да көп адам каза болуп жатат. Ооганстанда да мындай көрсөткүчтөгү өлүмдөр катталган эмес. Эки жылдагы жол кырсыктарын көрүп жатпайлыбы. Ошондуктан сиздер айып пулду көбөйтүп, бюджетти толтурабыз десеӊер болмок, ага эч ким каршы чыкпайт», -деди ал.
 
Ошондой эле депутат статистканы карап, кайсы жол эрежесинде кырсыктар көп катталып жатканын тактап, ошол эрежелерине айып пулду көтөрүү керектигин кошумчалады. 


 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter