У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жол кырсыктарынын саны көбөйө баштады. Президент ИИМге кырсыктардын алдын алуу боюнча тапшырма берди


Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Мамлекет башчы белгилегендей, акыркы мезгилдерде адамдардын өмүрүн алган ири жол кырсыктарынын саны көбөйө баштады.

"Садыр Жапаров адам өмүрүнөн өткөн баалуу эч нерсе жок экендигин баса белгилеп, ошондуктан Ички иштер министрлигине жайкы туристтик мезгилде транспорт агымдарынын эселеп көбөйөрүн эске алуу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды", - деп жазылат билдирүүдө.

Садыр Жапаров ошондой эле жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter