"Париж" пансионатындагы өрттөнгөн коттедж Алымкадыр Бейшеналиевдин уулуна таандык
- 07.02.2022, 12:40,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ысык-Көлдөгү "Париж" пансионатындагы өрттөнгөн коттедж Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиевдин уулуна таандык. Маалыматты 24.kg агенттигине министр өзү тастыктады.
Белгилей кетсек, кечээ Чок-Тал айылында жалпы аянты 300 чарчы метр коттедж күйүп кеткен. Өрт чыгышын себеби азыр иликтөөдө.
Министр өрттүн себебин иликтебей турганын, бул акыркы окуяларга байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирген.
«Уулу үч котеж күйүп кеткенин айтат. Күйсө күйүп кетти. Биз оңдоп, калыбына келтиребиз. Эгер атайын өрттөлгөн болсо да биз кылмышкерди издебейбиз. Уулум бул ишке кабатырлаган жок»,-деп билдирген ал.
Factcheck.kgнин маалыматына караганда, министрдин жубайы Замира Кулматова Ысык-Көлдө коттедждерди сатуу жана ижарага берүү менен алектенген «Париж Ко» компаниясынын негиздөөчүсү.