У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Видео- Орусияда көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 300 адам коопсуз жайга көчүрүлдү

Кечээ, 13-сентябрь түндө Орусиянын Краснодардагы Российская көчөсүндө жайгашкан 8 кабаттуу үйдүн 8-кабатынан үйдөн өрт чыгып, 54 үй-бүлө үй-жайсыз калды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
 
 
Маалыматка ылайык, өрт боложол менен саат 02:00лор чамасында чыккан. Тилсиз доо жалпысынан 4, 4 миӊ чарчы метр жерди жалмап кеткен. Өрт өчүрүүгө 175 өрт өчүрүүчү жана 54 техника тартылган. Өрт чыккан көп кабаттуу үйдө жашаган 300 адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Адам өлүмү катталган жок. 
 
Өрт чыккан көп кабаттуу үйдөгү батирлери күйүп кеткен жашоочулар мейманканаларга жайгаштырылып, аларга материалдык жана документтерди калыбына келтирүүгө жардам берилерин шаары мэри Евгений Первышов билдирди.  
 
Учурда өрттүн келип-чыгуу себептери такталууда. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter