У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кеминдеги «Red Petroleum» май куюучу жайынан өрт чыкты


     Кечээ кечинде Кеминдеги «Red Petroleum» май куюучу жайында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, Кемин шаарындагы жолдун жээгинде жайгашкан «Red Petroleum» май куюучу жайда турган жүк ташуучу «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаадан өрт чыгып, ал толугу менен күйүп кеткен. Өрт май куюучу жайга жайылып, жыйынтыгында 140 чарчы метр темир чатыры, 1 даана май куюучу колонка, оператордук бөлмө, ичинде жайгашкан дүкөн 80 чарчы метр күйүп кеткен. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 220 чарчы метрди түзгөн.
 
Биринчи өрт тууралуу маалымат куткаруучуларга саат 22.52де келип түшкөн, жалын 23.40та локализацияланган. Саат 04.36да өрт толугу менен өчүрүлгөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter