У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылган митинг өтүп жатат

 
Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын астында Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан кетирүү боюнча митинг өтүүдө. 
 
Нааразылык акциясына дарыгерлер жана аталган ооруканада даарыланып жаткандардын жакындары менен Сабырбек Жумабековду колдогондор катышууда.
 
«Министрге байланышкан чуулгандуу иштерден улам биздин операциялар токтотулду. Борбордун директору Сабырбек Жумабековду ордунда калтыруусун талап кылабыз. Иштей беришсин. Алымкадыр Бейшеналиевдин мындай реформасынын бизге кереги жок. Кызматтан кетсин», - деди митингдин катышуучусу.
 
Чогулгандар Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун Клиникалык тез жардам ооруканасына айландырылышын жана директор Сабырбек Жумабековдун ээлеген кызматынан бошотулушун Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчисинин туура эмес чечими катары баалашууда.
 
Эске сала кетсек, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин буйругу менен Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөн. Директор Сабырбек Жумабеков ээлеген кызматынан бошотулган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter