Сабырбек Жумабековдун ордуна Гулия Кожокматова келди
- 04.02.2022, 14:59,
- Башкы / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Гулия Кожокматова Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында билдирди.
Ал Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөнүн билдирди. Мурдагы директору Сабырбек Жумабеков ээлеген кызматынан бошотулду.
Министрдин айтымында, Дамир Дүйшөнов башкы дарыгер болуп дайындалды.