У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан менен Тажикстандын УКМКнын төрагалары чек арада учкучсуз учактарды колдонбоону макулдашты


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагалары Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Саймумин Ятимов эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнө чек арада учкучсуз учуучу аппараттарды колдонбоону тапшырды. Мындай билдирүү 29-январдагы жыйындын жыйынтыгында айтылды.
 
Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов күч түзүмдөрүнүн жана облустардын жетекчилерине кайрылып, чыр-чатакка жол бербөө үчүн бардык тармакта иштөөнү тапшырды. 
 
«Мындай жол менен биз тынчтыкты жана достукту камсыздай алабыз, мамилелерди өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзө алабыз», - деди ал.
 
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев бүгүн чек арада бир дагы учкучсуз учуучу аппарат (дрон) учпай турганын Саймумин Ятимов менен макулдашканын билдирди.
 
 «Учкучсуз учактар учпаш керек. Жөнөкөй адамдар коё бербейт. Балким, Чек ара кызматы, Коргоо министрлиги, ИИМ. Туура, эки тараптан тең мындайды токтоткула», - деди Ташиев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter