У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматынын жетекчилери чек арада жолугушту


29-январда Баткен облусунда Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусу өтүүдө.Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыкты. 
 
Делегациялар Баткен районундагы «Кызыл-Бел унаа жол» көзөмөл-өткөрмө бекетинде жолугушту.
 
Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеп, курамында чек ара кызматынын жетекчилери, Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода бар.
 
Кыргызстандын делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы – министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жетектеп, курамына Ички иштер министрлигинин, Чек ара кызматынын жетекчилери, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кирди.
 
К.Ташиев кесиптеши С.Ятимовго тет-а-тет форматында жолугушуу өткөрүп, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяны талкуулоону сунуштады. Ошол эле учурда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы жолугушуунун жыйынтыгы боюнча протоколдорго кол коюу болбой турганын белгиледи.
 
Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы да макул болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter