У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүү таратты


Россиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат жана басма сөз департаментинин директорунун орун басары Алексей Зайцев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча билдирүү таратты.
 
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалгандай, ведомство Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 27-январдын кечинде болгон куралдуу окуя боюнча маалыматка тынчсызданууда.
 
Анын айтымында, Тышкы иштер министрлиги Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Застын Кыргызстан менен Тажикстанга келип чыккан чыр-чатакты тынчтык дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырган кайрылуусун колдойт.
 
«Биз кыргыз-тажик тараптарынын ортосунда ок атышууну токтотуу, чек арадан куралдуу күчтөрдү чыгаруу жана бул аймакты биргелешип күзөтүү боюнча жетишилген макулдашууларды кубаттайбыз», - деди Алексей Зайцев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter