У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ЖККУнун Казакстанга жөнөтүлгөн бейпилдик күчтөрүнүн арасында Кыргызстандын аскерлери да бар


 Казакстанга жөнөтүлгөн бейпилдик контингентинин курамында Россия, Белорусия, Армения, Тажикстан жана Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү бар. Бул тууралуу Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун катчылыгына таянуу менен Риа Новости билдирди.
 
«Орусиядан ЖККУнун жамааттык бейпилдик күчтөрүнүн курамына Аба-десанттык күчтөрүнүн аскер бөлүктөрү кирди. Алардын негизги милдеттери мамлекеттик жана аскердик объектилерди коргоо, кырдаалды турукташтырууга көмөктөшүү жана аны укуктук талаага кайтаруу болот 

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2022-жылдын 6-январында кабыл алынган чечимине ылайык, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрү кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу үчүн Казакстан Республикасына чектелген убакытка жөнөтүлдү.
 
Алардын курамына Россия Федерациясынын, Белорусия Республикасынын, Армения Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү кирген",-деп айтылат билдирүүдө. .
 
Мамлекет башчысынын жана ЖККУ Кеңешинин чечимине ылайык, Кыргызстан бир тууган Казакстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана зарыл болгон учурда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагындагы союздук милдеттенмелерди аткарууга даяр экендигин ырастады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин чукул жыйынында анын жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter