У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Василий Дашковдун иши сотко өткөрүлдү. Ал үй камагына чыгарылган


  «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашковго козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу маалыматты 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
 
Василий Дашков үй камагына чыгарылганы такталган. Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карайт.
 
Эске салсак, 2021-жылдын 18-майында Василий Дашков УКМК тарабынан кармалган. Ал коррупцияга шектелүүдө. «Кыргыз темир жолунун» мурдагы жетекчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бирок кийинчерээк ал үй камагына чыгарылган. Ал келтирилген зыянды төлөбөгөндүктөн кайра камакка алынган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter