У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Василий Дашков кармалды


      "Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Ал келтирилген зыяндын ордун толуктабаганы үчүн кармалганы айтылууда.
 
«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту келтирилген зыяндын ордун толтуруу шарты менен Василий Дашковго карата үй камагы түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган. Бирок, ушул күнгө чейин аны кайтарып бере элек. Мындан тышкары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынан бюджеттик каражаттарды алып салуу боюнча кошумча фактылар аныкталды. 2021-жылдын январынан апрелине чейин мамлекеттик ишканадан 490 миллион сомго жакын акча алынгандыгы аныкталды. Ошентип, келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжол менен 1,5 млрд. сом болду.  Бир күн мурун Дашков кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген», - деп билдиришти башкармалыктан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter