У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Василий Дашков 250 миң долларды Жапаровдун шайлоо штабына жардам катары бергенби?..


 Биринчи Май соту судья Марат Сыдыковдун төрагалыгы астында 29-июнда "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деп айыпталып жаткан активист Мелис Аспековдун соту уланды.

Сот отурумунда күбө- Улан Жураев суракка алынды. Ал Мелис Аспеков менен 2020-жылдын октябрь айында таанышканын айткан.

«Президенттик шайлоо учурунда Мелис Аспеков Чүй облустук шайлоо штабында координатор болуп иштей баштаганда Василий Дашков ("Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы директору) менден Мелис Аспековго берип коюуну суранып бир баштык берди. Ал бул  штабга жардам экенин жана бул Аспеков экөөнүн иши экенин айткан. Ичинде эмне бар экенин билген эмесмин, төртүнчү жолу гана баштыктын ичинде акча бар экендигин түшүндүм, бирок эсептеген жокмун. Бул нерсе менин ачуумду келдирди, аларга баштыкты өзүңөр жеткиргил дедим», - деди ал.

Улан Жураев ошондой эле Василий Дашковдон акча талап кылбаганын, Дашков Аспековго  250 миң долларды өзү бергенин жана Аспеков Дашков менен түз иштебегенин белгиледи. 

Эске салсак, Мелис Аспеков менен  Улан Жураев 2021-жылдын январь айынын башында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынан 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган.

   



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter