У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тайырбек Сарпашев өлкөдөн кетпөө тил каты менен бошотулду


 Кумтөр иши  боюнча коррупцияга айыпталып кармалган мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жашаган жеринен кетпөө тил каты менен кое берилди. Анын бөгөт чарасы 10-январда каралганын Биринчи май райондук сотунан билдиришти. 
 
«Ал тергөө менен кызматташтык келишимине кол койду. Буга байланыштуу жактоочу тарап анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен кайрылган. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды», - деп билдиришти редакциядан.
 
Эске сала кетсек, Тайырбек Сарпашев Кумтөр боюнча коррупцияга айыпталууда. Тайырбек Сарпашевди былтыр 17-июнда кармалган. 29-июнда Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган. 2021-жылдын октябрь айында аны үй камагынын талаптарын бузуп, кызматташуу боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди аткарган эмес деген жүйө менен атайын кызматтын тергөө абагына кайра камалган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter