У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сот Сарпашевди 31-июлга чейин камакта калтырды


Коррупцияга шектелип кармалган мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Бүгүн, 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту  Тайырбек Сарпашевдин баш коргоо чарасын карады. Ал 31-июлга чейин УКМКнын абагында камакта калтырылды.

Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, канадалык «Центерра» компаниясынын өкүлдөрү менен жең учунан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөргө зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш-аракеттери аныкталды. Ал Кумтөр кенинде жайгашкан Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү парламенттин кароосуна киргизген”,-деп айтылат билдирүүдө. 

Сарпшаев 17-июнда Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу кармалган.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter