У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстанга «Скорпион» атайын багыттагы аскер түзүмүнүн 150 аскери барат. Алар Кант аркылуу Казакстанга өткөрүлөт


Кыргызстандан Казакстанга атайын бөлүмдүн аскерлери жөнөтүлө турганын коргоо министри Бактыбек Бекболотов журналисттерге билдирди.
 
«ЖККУнун келишимдерине ылайык, Жамааттык ыкчам жайылтуу күчтөрү деген бөлүм бар. Биз Жамааттык Ыкчам күчтөрдүн аскерлерин машыктырдык, азыр Кант аэропортунда 150 аскер учакка отурууну күтүп жатышат», - деди ал.
 
«Учактар толугу менен даяр, алар кечээ келишти. Өздүк курам бир тарапка кетет, техникалар дагы жүктөлөт: 8 БТР, 11унаа», - деди ал.
Бекболотов белгилегендей, Казакстанга атайын бөлүм жөнөтүлөт.
 
««Скорпиондун» баары эмес, «Скорпиондун» күчтөрүнүн бир бөлүгү – 150 аскер. Ал жерде бир дагы жоокер болбойт, офицерлер, прапорщиктер бар, жаш жоокерлер жок», - деп кошумчалады ал.
 
Министрдин айтымында, Жогорку Кеңештин чечиминен кийин президенттин жарлыгы болушу керек, анда баары көрсөтүлөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter