Учурда БТР менен «Лексус-470» автоунаасы катышкан жол кырсыгы тартылган видеолор социалдык тармактарга активдүү тарап, кызуу талкууга алынууда. Аталган кагылышуу тууралуу Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, 16-октябрда Бишкек шаарында өзгөчө абал режиминде блок-посттордо турган аскер техникалары Патрулдук милициянын кызматкерлеринин коштоосунда кетип бараткан. Профсоюзный көчөсүндө «Лексус-470» автоунаасынын айдоочусу жол эржесин бузуп, аскер техникалары бараткан колоннаны ашып өтүүгө аракет кылган учурда БТР-70 М менен сүзүшкөн. Кырсыктан жараат алгандар жок. БТР эч нерсе болгон эмес, ал эми автоунаа жабыркап айдоочусу Патрулдук милицияга өткөрүп берилген. Машиненин ээси комментарий бере элек.
Буга чейин аскер техникасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын №5 өткөрмө жайында дубалды сүзүп кулатып, ал да талкууга жем таштаган.