У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ташиев: Эртең бизде бир мүшөк ун 10 миң сом, бензиндин литри 100 сом болуп калса, ким жооп берет?


 Казакстан бардык чек ара бекеттерин жаап салса ким жоопкерчиликти алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.
 
Эл өкүлдөрү ЖККУнун Казакстандагы бейпилдик миссиясына кыргызстандык аскерлердин катышуусу тууралуу маселени талкуулап жатышат.
 
Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары ЖККУнун тынчтык орнотуу миссиясынын алкагында кыргызстандык аскер кызматкерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршы чыккан депутаттарга кайрылды. 
 
«Азыр жети өткөрмө бекеттин төртөө жабылды. Эртең бизде бир мүшөк ун 10 миң сом, бензиндин литри 100 сомдон болуп калса, ким жооп берет? Биз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чечимдерди кабыл алабыз. Биз жоопкерчиликти алышыбыз керек. Нуржигит Кадырбеков эртең жооп бербейт. Бул жерде отуруп алып адамдын канынан корком дейт. Азыр пиардын учуру эмес, депутаттар. Мамлекеттик деңгээлде чечим кабыл алынып, талкуу түнкү саат экиде аяктады. Добуш бере албасаңар, унчукпай отура бергиле», - деди Камчыбек Ташиев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter