У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тажикстан ЖККУнун Казакстандагы миссиясына катышууга даяр


Тажикстан ЖККУнун Казакстандагы тынчтык орнотуу иш-чараларына катышууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу тажик ММКлары өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыгышты.
 
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, атап айтканда, Тажикстан боордош Казакстандагы окуялардын өнүгүшүнө чын ыкластуулук менен көз салып жатканы айтылат. Карапайым элге жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, мамлекеттик органдарды басып алуу, талап-тоноо фактылары олуттуу тынчсыздануу менен белгиленет. Уруксатсыз аракеттердин натыйжасында мыйзамсыз куралдуу топтор пайда болуп, алар курал-жарак жана атайын техника менен аяктаганы өзгөчө тынчсызданууну жаратат.
 
«Биз Казакстандын акылман эли жана анын жетекчилиги диалог аркылуу зомбулук аракеттерин тез арада токтотот деп ишенебиз. Кылымдардан бери келе жаткан достукту жана стратегиялык өнөктөштүк принцибин жетекчиликке алуу менен биз Казакстанга тынчтыкты жана бейпилдикти калыбына келтирүү аракетин колдой тургандыгыбызды билдиребиз. Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун алкагындагы союздаштык милдеттенмелерди аткаруу менен, биз пайда болгон коркунучту жоюу үчүн Казакстанга жардам көрсөтүү боюнча жамааттык тынчтык орнотуу операциясына катышууга ниеттенип жатабыз», — деп айтылат билдирүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter