Кытай Казакстандагы нааразылык акциялары өлкөнүн ички маселеси экенин билдирди
- 06.01.2022, 16:01,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кытай казак өкмөтү Казакстандын ички маселеси болгон нааразылык акцияларына тийиштүү жооп кайтарат деп эсептейт. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ван Вэнбин 6-январдагы брифингде билдирди.
«Биз Казакстандагы кырдаал тезирээк турукташып, коомдук тартип калыбына келет деп үмүттөбүз»,- деди ал.