У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүсү 1,5 миллион сом сыйлык алды


 
Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров жыл сайын өтүүчү «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. 
 
Иш-чаранын жүрүшүндө вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аймактарды өнүктүрүү маселесине артыкчылык берерин белгиледи. 
 
 «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагы жыл сайын өткөрүлөт.
 
Белгилей кетсек, өлкө аймагы боюнча мыкты деп табылган 6 айыл өкмөткө берилген байгенин жалпы суммасы 6 миллион сомду түздү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин өбөлгөлөө максатында өткөрүлгөн «Эң мыкты айыл өкмөтү» сынагынын катышуучулары эки топко бөлүнүп, анын негизинде жеңүүчүлөр аныкталды. 
 
Биринчи топтун жеңүүчүлөрү:
 
- I орунда бир миллион беш жүз миң сом байге фонду менен - Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1-Май айыл өкмөтү;
 
- II орунда бир миллион сом байге фонду менен – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айыл өкмөтү;
 
- III орунда беш жүз миң сом байге фонду менен - Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтү;
 
экинчи топтун жеңүүчүлөрү:
 
- I орунда бир миллион беш жүз миң сом байге фонду менен - Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтү;
 
- II орунда бир миллион сом байге фонду менен - Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айыл өкмөтү;
 
- III орунда беш жүз миң сом байге фонду менен - Ош облусунун Араван районунун Алля-Анаров айыл өкмөтү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter