У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Казакстанда 200дөн ашууну адам кармалып, 95 милиция кызматкери жараат алды


 Казакстандагы нааразылык акцияларында коомдук тартипти бузган 200дөн ашуун адам кармалды. Кагылышууда 95 укук коргоо кызматкери жаракат алганын Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлиги билдирди.
 
Анын айтымында, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү, бейбаштык, мамлекеттик имараттарга кол салуу боюнча 13 факты боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлдү.
 
«Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында милиция тарабынан коомдук тартипти бузуу фактыларына бөгөт коюу жана тартип бузгандарды кармоо боюнча мыйзамда каралган чаралар көрүлдү», - деп билдирди Казакстан Республикасынын ИИМдин басма сөз кызматы.
 
Бөлүм митингчилер 37 кызматтык унаага зыян келтиргенин билдирди.
 
Алматынын шаардык коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз кызматы нааразылык акциясынан жабыркагандардын саны тууралуу маалымат ала электигин билдирди.
 
Буга чейин Алматынын администрация башчысы Бакытжан Сагинтаев шаарда «чагымчылар менен экстремисттер» кармалып жатканын билдирген. Анын айтымында, дестабилдештирүү аракеттеринин жана экстремисттик аракеттердин артында «ичтен жана сырттан келген провокаторлор» турат.
 
Бүгүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев республиканын өкмөтүн отставкага кетирүү тууралуу жарлыкка кол койду. Биринчи вице-премьер-министр Алихан Смаилов премьер-министрдин милдетин убактылуу аткарат.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter