У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кумтөр жергиликтүү тургундарды жумуштан кетирип жатканы айтылды


Кумтөрдө кадрдык алмашуулар болуп жатат. Бул тууралуу депутат Акылбек Кемелов парламент жыйынында билдирди.
 
Анын айтканына караганда Кумтөр учурда Centerra Gold Inc менен болгон соттук териштирүүлөрдү шылтоолоп парламентке отчет берүүдөн баш тартып жатат.
 
«Парламент Кумтөргө сырттан башкарууну киргизди. Биз отчет талап кылганбыз, бирок соттук териштирүүлөрдөн улам маалымат бере албастыгын айтышты. Сырттан башкаруучу менеджерге карт-бланш берилди. Кырдаалдан пайдаланып, уруксатсыз чечимдерди кабыл алат. Тенгиз Бөлтүрүк кыргызстандыктарды жумуштан кетирип, жергиликтүү подрядчылар менен келишимди үзө баштады. Ал казак жана түрк компаниялары менен жаңы келишимдерди түзөт. Биз аны токтотушубуз керек», - деди Акылбек Кемелов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter